Эксперт: Эл аралык рейтингдерде Кыргызстандын позициясынын төмөндөшү чындап эле биздин реалдуулукту чагылдырат
Бирок, эл аралык рейтингдерге ишенүүгө жарабайт деген пикирлер бар, анткени алардын артында дүйнөлүк оюнчулардын кызыкчылыгы турат
Economist Intelligence Unit Кыргызстанды авторитардык режимдеги бир катар өлкөлөрдүн катарына киргизип, Transparency International уюму коррупция менен күрөшүү боюнча биздин республиканын позициясын 20 пунктка төмөндөттү. Азыр Кыргыз Республикасы 180 өлкөнүн ичинен 144-орунда турат.
Мындай эл аралык рейтингдерге канчалык олуттуу мамиле кылуу керек?
Саясий эксперт Аида Алымбаева Vesti.kg сайтына берген маегинде бул рейтингдер биздин өлкөдөгү реалдуулукту толук чагылдырарын белгиледи.
«Кыргызстандын позициясы эл аралык рейтингдерде төмөндөп кеткени жаман», - деди Алымбаева. «Бул белгилүү илимий уюмдардын иши маалыматтарга негизделген. Ошондуктан, алар чындап эле биздин реалдуулукту чагылдырат. Парламенттин ыйгарым укуктары бир топ кыскартылды. Азыр президент башкарып жатат. Бийликтин саясий каршылаштары же тергөөдө, же абакта. Бизде, менимче, азырынча сөз эркиндиги гана сакталып турат. Мамлекет башчы өзүнүн досун УКМКнын төрагалыгына дайындады, бул саясий коррупциянын элементи.
Өз кезегинде саясат таануучу Марс Сариев Vesti.kg сайтына берген маегинде мындай эл аралык рейтингдердин объективдүүлүгүнө шек санады.
«Ушул жана башка кээ бир рейтингдер бир жактуу, анткени алар дүйнөлүк оюнчулардын эркин аткарат», - деп ишенет Сариев. «Кыргызстандын президенттик башкаруу формасына өткөнү аларга жакпайт. Ошондуктан рейтингдердеги позициялар төмөндөдү. Глобалдык структуралар биздин өлкөдө башаламандык болушун каалашат. Бул рейтингдерге ишенүүгө болбойт. Туруктуу жана эффективдүү өнүгүп жаткан Өзбекстанды же Иранды карагыла. Бирок рейтингде алар да төмөн позицияларды ээлейт.
Ислам Жолдошов
сүрөт www