Стамбулдагы Башкы консулдук үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, көчөдө калган кыргызстандык аял менен байланышууга аракет кылууда
Белгилүү болгондой, Айнура Рыскелдиев КР ТРдеги элчилигине кайрылган эмес
Түркияда күйөөсү тарабынан кордук көрүп, көчөдө калган кыргызстандык Айнура Рыскелдиева Кыргызстандын ТРдеги элчилигине кайрылган эмес. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бирок мекемеде айтылгандай, Стамбулдагы башкы консулдуктун кызматкерлери мекендеш менен байланышууга аракет кылууда.
Эске салсак, Айнура Рыскелдиева Түркиянын DHA басылмасына исламдын каада-салты боюнча түрк жаранына турмушка чыгып, үч бала төрөгөнүн билдирген. Бирок жакында эле ал киши кыргызстандык аялга күч колдонуп, балдарын алып, үйүнөн кууп чыккан.
«Мен үйсүз калдым. Учурда тааныштар менен турам. Менин барар жерим жок. Кыргызстанда менин эч кимим жок. Атам бар болчу, бирок төрт жыл мурун каза болгон. Балдарым Түркиянын жарандары. Мен бул жерде калгым келет. Бул жерде балдарым менен турмуш кургум келет», - деди Рыскелдиева.
Канышай Балкыбекова
Сүрөт www