Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Райондук администрация: Жаш спортчулар үчүн муз аянтчасын курууну пландап жатабыз

Замаким Гүлжамал Султангазиева хоккей аянтчасына каражат табуу иштери жүрүп жатканын түшүндүрдү

Бүгүн, 15-февралда мектеп окуучулары арасында “Тогуз-Торо хоккей лигасы” турнири өттү. Жаш хоккейчилердин машыгуу жана турнирлерди өткөрүү үчүн өздүк аянтчасы жок. Уюштуруучулар спортко ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көп жылдардан бери аракет кылып келген.
 
Жаш спортчуларга жергиликтүү бийлик кандай жардам бермекчи?
 
Бул суроо менен Vesti.kgнин редакциясы Тогуз-Торо районунун акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиевага кайрылды.
 
«Чындыгында, мелдештин уюштуруучулары дагы, жаш хоккейчилердин ата-энелери дагы муз аянтчасы боюнча маселени чечип берүү өтүнүчү менен бизге кайрылышат», - деди ал. — Райондук администрация өсүп келе жаткан муундун активдүү жана сергек жашоого болгон умтулуусун колдоо жолдорун издеп жатат. Райондун борборуна, эс алуу багына муз тебүүчү аянтча ачууну пландап жатабыз. Райондун быйылкы жылдын иш планына жана бюджетине киргизилген. Бизге республикалык бюджеттен колдоо көрсөтүлөт деп ишенебиз. Андан сырткары жергиликтүү бюджеттен жана Тогуз-Торо фондунан каражат издеп жатабыз. Жакында райондук кеңеште сессия болуп, анда бул маселе да күн тартибинде каралат. Муз аянтчасын курууга кеткен чыгымдын сметасы буга чейин иштелип чыккан. Финансылык каражаттарды табуу гана калды.
 
Ислам Жолдошов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх