Депутат Осмонов Алиярбек Абжалиевди үй камагына чыгарууну суранды
«Аны үйүндө суракка алса болот. Качып кетет деп ойлобойм”.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов мурдагы эл депутаты Алиярбек Абжалиевди үй камагына чыгарууну суранды.
«Кечээ күнү УКМК кесиптешибиз Абжалиевди кармады», - деп эскерет ал. «Мага Ош шаарындагы шайлоочуларым аксакалдар кайрылышты. Абжалиев Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты болгон. Анткени, алар аны үй камагына чыгарып, үйүндө суракка алса мүмкүн. Качып кетет деп ойлобойм.
Эске салсак, Алиярбек Абжалиев 11-февралда камакка алынган. Жогорку Кеңештин экс-депутаты 9-апрелге чейин УКМКнын СИЗОсуна камалды.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз