Тазабек Икрамов мектеп формасына калпакты киргизүүнү сунуштады
Элдин тандоосу мектеп окуучулары Манастын идеологиясын үйрөнүүгө милдеттүү деп эсептейт
Депутат Тазабек Икрамов мектеп формасына милдеттүү түрдө калпак кийүүнү киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Эл өкүлү жогорку жана кенже класстын окуучуларынын калпактары түсү боюнча айырмаланышы керектигин кошумчалады.
«Мындан тышкары комуз чертүү, Манастын идеологиясы боюнча сабактарды мектеп программасына киргизүү керек», - деп жыйынтыктады ал.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз