Жогорку Кеңеш Алмазбек Бейшеналиевди билим берүү жана илим министри кызматына дайындоого макул болду
Депутаттар чиновникке каалоо-тилектерин айтышты
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Алмазбек Бейшеналиевди билим берүү жана илим министри кылып дайындоого макулдук беришти.
Талапкер тууралуу маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин ЖКдагы туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов билдирди.
Талкууда депутат Чыңгыз Айдарбеков мамлекеттин өнүгүүсү билим берүүнүн сапатынан көз каранды экенин белгиледи. Анын айтымында, билим берүү тармагындагы бардык мыйзамдарды талдап, учурдун талабына жооп берген документти иштеп чыгуу, билим берүү мекемелерин аккредитациялоо жана лицензиялоо процедурасын жөнөкөйлөтүү зарыл.
Билим берүү жана илим министри кызматына талапкер Билим берүү жөнүндөгү мыйзам долбоору коомчулуктун кеңири талкуусуна коюла турганын айтты.
Эл депутаты Чыңгыз Ажыбаев Билим берүү жана илим министрлиги мектеп программасын кайра карап чыгышы керектигин белгиледи. Анын кесиптеши Нурбек Алимбеков ведомство ар бир облуста мектеп куруу зарылдыгын талдап, ошонун негизинде алардын курулушун пландоо керектигин белгиледи. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселесин депутат Алтынбек Сулайманов да көтөрдү.
Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Алмазбек Бейшеналиевди билим берүү жана илим министри кызматына дайындоого макулдук берди.
Сүрөт www