Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Салык кызматы 10 миң субъекттин жалпы суммасы 641,4 млн сомдук айып жана санкцияларын эсептен чыгарды

Эл өкүлдөр жыйыны мыйзамдар салык карызын төлөөдө айыптык санкцияларды  алып салууга жол берерин эскертет

Салык кызматы 2020-жылдын августунан 2021-жылдын 31-декабрына чейин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарын төлөгөн 10 701 субъектке 641,4 миллион сомдон ашык айыптык санкцияларды  кечкен. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Салык кызматы эскертет: Мыйзамга ылайык, 2022-жылдын 1-июлуна чейин салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн карыздын негизги суммасын төлөгөн субъекттерге айыптык санкциялар жана туумдар 100% эсептен чыгарылат жана 2022-жылдын 31-декабрына чейин 50% төлөгөндөр да кирет .

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх