Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Казакстан шайкештикти баалоо тармагында«боз сертификаттардын» жүгүртүүсүнө каршы күрөштү күчөтөт

Мындай чечим КР менен Казакстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун жыйынында кабыл алынды

Бир күн мурун, 16-февралда Алматыда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча Жумушчу топтун биринчи отурумунун алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайкештикти баалоо боюнча документтерди каттоого жана таратууга бөгөт коюу боюнча иш-чаралар планына кол коюлган.

План шайкештикти баалоо (тастыктоо) боюнча берилген документтер боюнча ыкчам маалыматтык өз ара аракеттенүүгө жана аныкталган бузуулар боюнча чараларды көрүүгө багытталган.

Тараптар бузуулар менен (тестирлөөсүз) берилген сертификаттар жана декларациялар боюнча маалымат алмашууга макулдашышты.

Мурда шарттар жөнгө салынбаганына карабастан, мындай документтерди жокко чыгаруу боюнча чаралар бир күндүн ичинде көрүлөт.

Кыргыз тараптан документке экономика жана коммерция министринин орун басары Эльдар Алишеров, казак тараптан КР МТИ Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча комитетинин төрагасы Арман Абенов кол койду.

Планды ишке ашыруу «боз сертификаттардын» жүгүртүүсүнө каршы күрөштү күчөтүүгө жана белгиленген талаптарга жооп бербеген коркунучтуу продукциянын рынокто пайда болушуна жол бербөөгө мүмкүндүк берет.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх