Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кумтөр мектеп окуучуларынын илим жана техника боюнча олимпиадасынын катышуучуларына сыйлыктарды тапшырды

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК мектеп окуучуларынын «Илим + ойлоп табуулар = техника!» республикалык илимий-техникалык олимпиадасына катышуучуларга сыйлыктарды берүү менен колдоо көрсөттү. Кыргыз Республикасынын илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын алкагындагы олимпиада 8-10-февраль аралыгында Чолпон-Ата шаарында өттү. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 10 команда катышты.


Билим берүү системасын колдоо – компаниянын социалдык жоопкерчилигинин эң маанилүү багыттарынын бири. Мектеп окуучуларынын илимий-техникалык олимпиадасы өсүп келе жаткан муундун республиканын илимий жана өндүрүштүк турмушуна кызыгуусун пайда кылуу үчүн кубаттуу түрткү болуп саналат, ал экономикалык өнүгүүнүн жана гүлдөп-өнүгүүнүн негизин түзөт.


Олимпиада үч этап менен өтүп, мектеп жана өспүрүмдөр лигасына бөлүндү. Жыйынтыгында өспүрүмдөр лигасында Ош командасы жеңүүчү аталса, мектеп лигасында Бишкек шаарынын командасы 1-орунга ээ болушту.

Жеңүүчү командалардын лидерлерине «Кумтөр Голд Компани» ЖАК тарабынан эстелик белектер тапшырылды. Олимпиаданын активдүү катышуучуларына «Кумтөр» компаниясынын атынан калыстар тобунун мүчөсү, техника илимдеринин кандидаты Алтынбек Баялиев сыйлыктарды тапшырды.

«Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын директору Жаркын Бапанова «Кумтөр Голд Компани» ЖАКга таланттуу балдарды колдоо үчүн ыраазычылык билдирди:


— Өлкөбүздүн жаш техниктери жыл өткөн сайын көбүрөөк колдоого ээ болуп жатканы бизди абдан кубандырат. Келечекте жаш студенттердин техникалык билимин жана чыгармачылыгын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду күтөбүз. Биздин милдет Кыргызстандын келечектеги инженердик-техникалык элитасын тарбиялоо жана аны биргелешип чече алабыз.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх