18-21-февраль аралыгында Кыргызстанга пакистандык 13 компаниянын жетекчилери келет
Бийлик пакистандык инвесторлорду КРга тартуу аракетин көрүүдө
Экономикалык дипломатия боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Пакистандагы элчилиги менен биргеликте пакистандык ишкерлердин Кыргызстанга иш сапарын уюштурду.
Ири жана орто бизнес өкүлдөрүнөн турган 13 компаниянын жетекчилеринен турган пакистандык бизнес делегация 18-21-февраль аралыгында Кыргызстанга келет. Сапардын алкагында пакистандык делегациянын Экономика жана коммерция министрлигинин, Энергетика министрлигинин, Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин жетекчилиги менен иштиктүү жолугушуулары пландалууда. Муну менен катар КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги менен жолугушуулар жана Кыргызстандын потенциалдуу бизнес өнөктөштөрү менен бир катар “В2В” форматындагы жолугушуулар пландаштырылган.
Пакистандык делегация үчүн ошондой эле «Бишкек» ЭЭА, «Каракол» ЭЭА, тоо лыжа базалары, ошондой эле инвестициялык жагымдуулугу жогору болгон башка өндүрүш объектилерине саякаттар уюштурулат.
Бул сапарды уюштуруунун максаты - пакистандык инвесторлорду Кыргыз Республикасынын экономикасынын приоритеттүү багыттарына тартуу, эки тараптуу сооданы өнүктүрүү, туризм тармагын өнүктүрүү жана өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда биргелешкен ишканаларды түзүү.
ТИМ маалымат бөлүмү
Сүрөт www