Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Парламент үйлөнүү үлпөтүн кантип өткөрүү боюнча коомдук угууларды өткөрөт

Депутаттар үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүү тартибин иретке салуу ниетинде

Депутаттар парламенттик угууларды өткөрүп, үйлөнүү үлпөтүн, маркумду акыркы сапарга узатуу жана үй-бүлөлүк салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча мыйзам долбоорун талкуулоону көздөп жатышат. Талкууга катышууга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылган.

Угуулар 28-февралда парламент имаратынын батыш залында саат 10.00дө болот.

Эске салсак, депутаттар үй-бүлөлүк салтанатка же сөөк коюуга канча конок чакырууга болору, ошондой эле мындай иш-чаралар учурунда ашыкча чыгымдан качуу боюнча мыйзам кабыл алууну сунуштап жатышат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх