Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык мэриясы мектептер арасында “Тил – достуктун ачкычы” аттуу сынак өткөрдү (фото)

Сынактын максаты – балдарды толеранттуулукка тарбиялоо жана бардык улуттардын ортосундагы достукту чыңдоо

Шаар мэриясынын билим берүү бөлүмү Эне тил күнүнө карата №39 мектеп-гимназиясынын базасында “Тил – достуктун ачкычы” аттуу долбоордук иш-чаралардын кароо-сынагын өткөрдү. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.



Сынактын максаты – балдарды толеранттуулукка тарбиялоо, өлкөдө жашаган бардык улуттардын ортосундагы достук мамилени калыптандыруу, алардын ар биринин тарыхын, каада-салтын баасын билүү.

 

Калыстар тобунун курамына Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү, ошондой эле жогорку окуу жайлардын жана мектептердин алдыңкы мугалимдери кирди.



“Тил – достуктун ачкычы” аттуу долбоордук сынактын жеңүүчүлөрү  кайсы мектептер болгон?



Иш-чаранын катышуучулары облустук этапта 1-3-орундарды ээлеген сынактын катышуучулары болду.



Сынак бир нече этаптан турду. Гран-при №68 мектептин командасына ыйгарылып, 1-орунду №77 жана 72, 2-орунду №66, 59 жана 51-мектептер, үчүнчүнү №42, 46, 1, 26 мектептер бөлүштү. .

Мелдештин жеңүүчүлөрү дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх