Евробиримдиктин атайын өкүлү бүгүн Кыргызстанга келет
Тери Хакала КРнын жетекчилиги менен аймактагы кырдаалды талкуулашат
24-27-февраль күндөрү Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Тери Хакала Кыргыз Республикасына иш сапары менен келет. Бул тууралуу Евробиримдиктин КРдагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Тери Хакала өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, Европа Биримдиги менен Борбордук Азиянын ортосундагы карым-катнаштарды жана кызматташтыкты, аймактагы окуяларды талкуулай турганы белгиленди.
Элчи ошондой эле Ош жана Баткен шаарларына барат. Мындан тышкары, ал эл аралык коомчулуктун жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушат.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз