Каралаев атындагы №6 Балыкчы орто мектебин «Кумтөр» ишканасы компьютер жана эмерек менен камсыз кылды
Тышкы башкарууну киргизүү менен «Кумтөр Голд Компани» ЖАК өлкөдө кесиптик билим берүү чөйрөсүнүн жаңы деңгээлин түзүүгө багытталган мектептерди жана ЖОЖдорду колдоо программасын ишке ашырууда. Албетте, компания аймактарды өнүктүрүү долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурат. Каралаев атындагы №6 Балыкчы орто мектебинде «Кумтөр» ишканасынын эки информатика классы компьютерлер менен жабдылды.
«Бул окуу жайда компьютерлер жетишсиз болчу. IT-технологиялар азыр өнүгүп жатат жана интеллектуалдык инвестиция бүгүнкү күндө келечекте көп жолу жемишин берет. Мэриянын атынан Кумтөргө терең ыраазычылык билдиребиз, - деди Балыкчы шаарынын мэри Аманат Сыдыков.
Жалпысынан «Кумтөр» мектепке эки информатика сабагы үчүн 30дан ашык заманбап жана кубаттуу компьютерлерди белекке берди. Лицензияланган операциялык системалар жана окутуу үчүн зарыл программалар бардык жабдууларга орнотулган. Аларды мектеп окуучулары азыртан эле окуусуна пайдаланып жатышат.
Мындан тышкары, «Кумтөр Голд Компани» бул окуу жайга интерактивдүү доскаларды, проекторлорду, жаңы мектеп эмеректерин жана мугалимдер үчүн столдорду сатып алды.
Сүрөт www