Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги мекендештер үчүн ишеним телефонун ачты

КРнын жарандарын согуш жүрүп жаткан аймактарга барбоого чакырат

Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги анын аймагында жүргөн мекендештерге келген өлкөнүн мыйзамдарын жана тиешелүү эрежелерин сактоону сунуштайт.

Кыргызстандыктар бардык зарыл болгон жеке коопсуздук чараларын көрүүгө чакырышты.

Маалым болгондой, Кыргызстандын Киевдеги элчилиги Кыргыз Республикасынын жарандары менен дайыма байланышта. Учурда ал штаттык режимде иштеп жатат.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргыз Республикасынын Элчилигинде ишеним телефону иштейт, ал аркылуу Украинанын аймагында жүргөн мекендештерибиз консулдук-укуктук мүнөздөгү бардык суроолор боюнча кайрыла алышат.

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:

+380997573413;

+380442370346;

+380442370348, ошондой эле элчиликтин WhatsApp группасы.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти:

+996 (551) 31-20-00 — ишеним телефону;

+996 (703) 42-88-65;

+996 (709) 98-34-65,

+996 (554) 06-52-15.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх