Бишкекте укук коргоочулар Украинаны колдоо митингине чыгышты (фото)
Жарандар "Орусия эл аралык укук боюнча милдеттенмелерин бузуп жатат" деп белгилешти
Бишкекте Орусия элчилигинин имаратынын жанында Украинаны колдоо боюнча тынчтык митинги өтүүдө.
Акцияга 20га жакын укук коргоочулар, «Бир дүйнө Кыргызстан» кыймылынын жана «Кылым шамы» укук коргоо борборунун мүчөлөрү чогулушту.
«Орусия эл аралык укук боюнча өз милдеттерин дагы бир жолу бузганда жарандык коом унчукпай тура албайт. Ошондуктан, биз бул чакырыкты Россия Федерациясынын куралдуу агрессиясына жана дипломатиялык аракеттерден баш тартууга алып келе турган эл аралык адам укуктары жана эл аралык гуманитардык укук бузууларга жол бербөөгө чакырабыз», - деп белгилешти укук коргоочулар.
Фото vesti.kg