Депутат УКМКнын айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шериповго көңүл бурууга чакырды
"Ал жеке мыйзам долбоорлорун лоббирлейт, анда коррупциялык элемент болушу мүмкүн"
Жогорку Кеңештин жакында эле жыйынында "Чалгындоо жана контрчалгындоо жөнүндө" мыйзам долбоору 1-окууда каралып жатканда депутат Султанбай Айжигитов айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шериповдун ишмердүүлүгүнө көңүл буруу өтүнүчү менен улуттук коопсуздуктун өкүлдөрүнө кайрылды.
- Коррупцияга каршы күрөштө УКМК, ИИМ, прокуратура бири-бирин кайталайт, - дейт ал. - УКМК саясий коррупция менен күрөшүшү керек. Ушуга байланыштуу айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шериповдун ишмердүүлүгүн эске алып, көңүл бурууну суранам. Ал жеке мыйзам долбоорлорун лоббирлейт, анда коррупциялык компонент болушу мүмкүн.
Ислам Жолдошов
Сүрөт www