Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Кыргыз Республикасындагы Эмират" кайрымдуулук уюму бишкектиктерге гуманитардык жардам көрсөттү (сүрөт)

Борбор калаанын мэриясы көрсөтүлгөн жардам үчүн уюмга ыраазычылык билдирет

Бишкектиктерге Эмират эл аралык кайрымдуулук уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалынан гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу борбор калаанын муниципалитетинин басма сөз кызматы билдирди.


 
Шаардын төрт районунда тең жардамдарды бөлүштүрүү пункттары Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан түзүлгөн тизме боюнча уюштурулган.


 
Ошентип ар бир үй-бүлөгө балдардын сырт кийимдери, жылыткыч жана жууркан берилди. Жалпысынан уюм тарабынан шаардыктар үчүн 400 даана балдардын курткалары бөлүнүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жылыткычтар (253 даана) жана жууркан (1200 даана) ар бир үй-бүлөгө үчтөн жууркан берилди.


 
Муниципалитет көрсөтүлгөн жардам үчүн уюмга ыраазычылык билдирет.
 
Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх