Викрам Рузахунов тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Алматыга чакырылган
Музыкант КРнын бийликтеринен коштоп жүрүүнү суранып, коопсуздук кепилдигин берүү өтүнүчү менен Казакстан Республикасынын бийлигине кайрылган
Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы жергиликтүү джаз музыканты Викрам Рузахуновду тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Алматыга чакырды. Бул тууралуу ал Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Музыкант алгач кескин түрдө баш тартканын белгиледи. Анын жактоочусу Нурбек Токтакунов казакстандык тергөөчүнү өзү келүүгө чакырган.
«Телефондон алар тергөө үчүн мен өзүм камалган жерди, мени алып кетишкен имаратты, мени кармаган камераларды көрсөтүшүм жана мени кыйноого алган адамдарды аныкташым керек деп жооп беришти. Бул мени баруу зарылдыгына ынандырды. Нурбек мени коштоп жүрүүгө макул болду, бирок менин тергөөгө жардам берүү үчүн келгенимди Казакстанда баары эле жакшы кабыл албашына тынчсызданды. Кошумчалай кетсек, эгер Казакстан Республикасында кайрадан башаламандык башталса, биздин жашообуз коркунучта болот», - деп жазган Рузахунов.
Ал кыргыз бийлигинен эскорт сурап, казак бийлигинен коопсуздук кепилдигин берүүнү суранган.
«Ошол эле учурда биз Казакстанга шектүүлөрдүн белгилүү чөйрөсү аныкталса гана барарыбызды белгилегенбиз. Болбосо, казакстандык тергөөчүлөр өздөрү Кыргыз Республикасына келип, мени ушул жерден суракка алышы мүмкүн», - деп баса белгиледи музыкант.
Сүрөт www