Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын 107 жараны Киевден Украина-Венгрия чек арасына жеткирилди

Украинадан чыгып кеткен кыргызстандык 12 жаран Польшада, 16 жаран Молдовада, дагы 6 жаран Румынияда

Украинанын аба чек араларынын жабылышына байланыштуу КР Тышкы иштер министрлиги Украинанын аймагынан чыгып кетүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо боюнча иштерди улантууда.
 
2022-жылдын 28-февралында Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө (Киев убактысы боюнча 13:00) Кыргызстандын 107 жараны (68 чоң адам, 5 студент, 34 жашы жете элек) турган биринчи эвакуациялоо колоннасы Киевден автобус менен Украина-Венгриянын чек арасы тарапка жөнөп кетти.
 
Сапар КР Украинадагы элчилиги тарабынан КР Харьков шаарындагы ардактуу консулу Вадим Туманяндын көмөгү менен уюштурулду. Элчиликтин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандарын бардык каттам боюнча коштоп жүрүшөт.
 
Украин-венгр чек арасын кесип өтүү маселеси боюнча иш КРнын Венгриядагы элчилиги менен биргеликте жүргүзүлүүдө. КРнын Венгриядагы элчилигинин кызматкерлери венгр-украин чек арасынан жарандарды тосуп алып, керектүү жардамдарды көрсөтүшөт.
 
Кыргызстандыктарды Венгрия-Украина чек арасынан Будапешт эл аралык аэропортуна жеткирүү Кыргызстандын Венгриядагы ардактуу консулу Эндре Эрдостун жардамы менен Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги тарабынан уюштурулду.
 
2022-жылдын 28-февралына карата Украинадан чыгып кеткен кыргызстандык 12 жаран Польшада, 16 жаран Молдовада, 6 жаран Румынияда.
 
Кыргыз Республикасынын Харьков шаарындагы Ардактуу консулу Вадим Туманяндын аракетинин аркасында 2022-жылдын 27-28-февралында Харьков шаарынан Львов шаарына 18 Кыргыз Республикасынын жараны поезд менен жөнөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу Туманян Кыргыз Республикасынын жарандарына мындан ары Львовдо болуу жана чек арадан өтүү боюнча сунуштарды берет. Харьков вокзалынын жетекчилиги менен темир жол вокзалына келген Кыргыз Республикасынын бардык жарандары Львовго баруу боюнча келишим түзүлдү.
 
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Украинадагы жана Венгриядагы элчиликтери Кыргыз Республикасынын жарандарын Украинанын аймагынан алып чыгууну уюштуруу боюнча иштерди улантууда.
 
Министрлик эскертет, КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде, ошондой эле КР Украинадагы элчилигинде ишеним телефондору бар, алар аркылуу Украинанын аймагында жүргөн КР жарандары кайрыла алышат. консулдук-укуктук мүнөздөгү бардык маселелер:
 
Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:
+380997573413,
+380442370346,
+380442370348, ошондой эле Элчиликтин "WhatsApp" тобу;
 
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти
+996 551 312 000 - ишеним телефонунун номери;
+996 703 428 865
+996 709 983 465
+996 554 065 215

КРнын ТИМ маалымат департаменти
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх