Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат: Украинадагы согуш Кыргызстанга да таасирин тийгизет. Акылбек Жапаров менен Камчыбек Ташиев отчёт бериш керек!

Эл депутаттары азык-түлүктүн кымбатташына тынчсызданышууда

Жогорку Кеңештин депутаттары Украинадагы аскердик операцияларга байланыштуу антикризистик чараларды киргизүүнү сунуштап жатышат.

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Украинада болуп жаткан “согуш тууралуу” элдин баары билет экенин айтты.

«Украинадагы согуш эки өлкөнүн ортосунда гана эмес, ага НАТО жана Европа өлкөлөрү да катышууда. Натыйжада дүйнөлүк экономика кыйын абалда. Бул дагы Кыргызстандын экономикасына, коопсуздугуна таасирин тийгизет. Аларды угуш үчүн Акылбек Жапаров менен Камчыбек Ташиевди чакырыш керек», - деп сунуштады Токторбаев.

Өз кезегинде анын кесиптеши Бакыт Төрөбаев да Кыргызстан товарлардын кымбатташынан кутула албайт, андыктан тез арада антикризистик чараларды көрүү керек деп эсептейт.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх