Эртең Бишкектин айрым көчөлөрү Мамлекеттик туу күнүнө карата убактылуу жабылат
Бул датага арналган иш-чара Ала-Тоо аянтында өтөт
Эртең, 3-мартта борбордук Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чара өтөт.
Буга байланыштуу саат 8:00дөн 12:00гө чейин төмөнкү тилкелерде унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет:
• Чүй проспектиси Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин;
• Раззаков М.Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
• Орозбеков М.Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
• Абдымомунова к. Панфилов Эркиндик бульварына чейин.
Бишкек шаардык мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардан маршрутун алдын ала пландап алууну суранат.
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www