2021-жылы MegaCom Кыргызстандын бюджетин 2,6 миллиард сомго толуктады
MegaCom мамлекеттик уюлдук оператору компаниянын ачык-айкындуулук жана коомчулук алдында отчеттуулук саясатына ылайык, «Альфа Телеком» ЖАКтын 2021-жылга финансылык жыйынтыктарын жарыялайт.
Оператордун айтымында, 2021-жылдын 12 айында MegaCom Кыргыз Республикасынын бюджетин 2 миллиард 595 миллион сомдон ашык суммага толуктаган. Алардан:
· Отчеттук мезгил үчүн салыктык төлөмдөр жана чегерүүлөр дээрлик 1,304 млрд сомду түздү;
· мамлекеттик бюджетке башка төлөмдөр 0,897 млрд сомдон ашты;
· 2021-жылы төлөнүүчү дивиденддердин көлөмү 2020-жылдагы финансылык ишмердүүлүк үчүн 0,395 млрд сомдон ашык сумманы түздү.
Кошумчалай кетсек, «Альфа Телеком» ЖАК 2021-жылга 1 миллиард 503 миллион сом таза киреше көрсөттү.
Компания 100% акциясы мамлекетке таандык болгон MegaCom оператору каржылык милдеттенмелерин так аткарып, КР бюджетине өз убагында жана толук төлөп жатканын белгилейт.
«Мегаком» мамлекеттик уюлдук оператору ишкананын кирешесин жана Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине төлөмдөрдүн көлөмүн мындан ары да жогорулатууну көздөйт», - деди 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарган «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Азат Базаркулов. «Ошол эле учурда MegaCom өлкө боюнча түйүндүн камтылышын кеңейтүү жана пайдалуу тарифтик пландарды жана заманбап санариптик кызматтарды ишке киргизүү боюнча системалуу иштерди улантат».
«Альфа Телеком» ЖАО
Фото «Альфа Телеком» ЖАК