Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Кытайдын “Zijin Mining” корпорациясынын делегациясы менен жолугушту

Талдыбулак-Сол жээк алтын кенинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер талкууланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Zijin Mining» кытай корпорациясынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. 

Жыйынга «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун жана «Алтынкен» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги да катышты.

Белгилесек, 2011-жылдан тарта «Zijin Mining» тоо-кен корпорациясынын туунду компаниясы саналган «Supurb Pacific Ltd» компаниясы «Алтынкен» ЖЧК уставдык капиталынын 60% үлүшүнө ээ. 

Жолугушууда Талдыбулак-Сол жээк алтын кенинин ишиндеги актуалдуу маселелер, ошондой эле инвестициялык кызматташуу маселелери талкууланды.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх