Айдоочулар каршы тилкеге чыгып бара жаткан Камчыбек Ташиевдин жол тандабас унаасын тартып алышты (видео)
УКМК комментарий берүүдөн баш тартты
Фейсбук социалдык тармагында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге тиешелүү делген эки Toyota Land Cruiser 300 унаасы Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде бара жаткан видео пайда болду.
Жол тандабастар каршы тилкеде жаркылдаган маяктар менен айдап бара жатышты.
Ал арада УКМКнын басма сөз борбору Vesti.kg сайтына жарыяланган видео боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз