Бишкектеги Орусия элчилигинин жанында өткөн митингдин катышуучуларынын ортосунда жаңжал чыкты (фото, видео)
Жолдон өтүп бараткандардын айрымдары Украинаны колдогон демонстранттарды сынга алышты
Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында кезектеги митинг өтүүдө. Бүгүн демонстранттардын арасында Украинанын гана эмес, Орусиянын тарапкерлери да бар.
Кремлдин позициясын колдогон бишкектик пенсионер дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратына эмне үчүн келгенин Vesti.kg сайтына айтып берди.
Нааразылык акциясынын жүрүшүндө жолдон өтүп бара жаткандардын айрымдары Украинаны колдогон демонстранттарды сынга алышты.

Митингдин катышуучусу Динара Эркинбаева бул пикеттеги биринчи провокация эмес экенин билдирди.
Манас Көлбаев
Фото, видео vesti.kg
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз