Экономика министринин орун басары Абдрахманов кытайлык Zijin Mining компаниясынын делегациясы менен жолугушту
Жыйынга «Алтынкен» жана «Кыргызалтын» ишканаларынын жетекчилиги да катышты
Бир күн мурун, 3-мартта КР Экономика жана коммерция министрлигинин имаратында министрдин орун басары Канат Абдрахманов кытайлык «Zijin Mining» компаниясынын делегациясы, «Алтынкен» ЖЧКсы жана «Кыргызалтын» ААК жетекчилиги менен жолугушту.
Жолугушууда жер казынасын пайдалануу жаатындагы инвестициялык долбоорлор боюнча ата мекендик компаниялар менен Zijin Mining Corporation ортосундагы кызматташуунун мүмкүн болуучу келечектүү багыттары талкууланды.
Zijin Mining Corporation алтын, цинк жана күмүш рудасын өндүрүү боюнча кытайлык тоо-кен казып алуу боюнча алдыңкы үч компаниянын бири. Superb pacific limited, Zijin Mining компаниясынын туунду компаниясы болуп, "Алтынкен" ЖЧКсынын 60% акциясына ээ.
Экономикалык соода министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www