Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Салык кызматы: Үстүбүздөгү жылдын эки айында салыктар жана төлөмдөр 26 млрд 85,1 млн сом чогултулду

Министрлик өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык 11 миллиард 890,5 миллион сомго көп чогултулганын түшүндүрдү

2022-жылдын январь-февраль айларында Салык кызматы мамлекеттик бюджетке 26 миллиард 85,1 миллион сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленген план 103,9 процентке аткарылды, же 987,3 миллион сомго ашык аткарылды.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык 11 миллиард 890,5 миллион сомго көп чогултулуп, же өсүү темпи 183,8 пайызды түздү.

Салык кызматынын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх