Нарын дарыясына 8 жаштагы бала агып кеткен. Аны издөө иштери экинчи күндөн бери уланууда
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 30дан ашык куткаруучусу, 23 милиция кызматкери жана 60 жергиликтүү тургун баланы издеп жатат
Бир күн мурун, 8-март күнү 112 кызматына Нарын районунун Орто-Нура айылында балдар менен ойноп жаткан 8 жаштагы Т.Т Нарын дарыясына агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге ӨКМдин 31 куткаруучусу тез арада жетип, 60 жергиликтүү тургун жана 23 милиция кызматкери да тартылган.
55 км узундуктагы чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө ӨКМдин 27 куткаруучусу издөө иштерин улантууда.
Кошумча маалымат кийинчерээк берилет.
ӨКМ басма сөз кызматы
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз