Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК министрлер кабинети менен Центерранын ортосунда түзүлгөн келишим каралат

Садыр Жапаров парламентке саат 14:00дө келет

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жогорку Кеңешке келет. Бул тууралуу анын парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытов пленардык жыйында билдирди.

Анын айтымында, өлкө башчы саат 14:00дө келет. Жаңы министрлердин ант берүүсү күтүлүүдө.

Абытов ошондой эле депутаттардан министрлер кабинети тарабынан 4-мартта кол коюлган кыргыз тарап менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуунун форматтары жана шарттары жөнүндө макулдашууну жабык эшик артында кароону өтүндү.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх