Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Панфилов райондук аймактык башкармалыгынын инспекторун 50 миң сом пара менен кармады (фото)

РЭСтин кызматкерлери электр энергиясын пайдаланууда аныкталган мыйзам бузуу фактысын жашырганы үчүн жарандан 97 миң сом талап кылышкан

Буга чейин Панфилов районунун аймагындагы жеке жана юридикалык жактарга «Түндүк электр» ААКнын кызматкерлери менен биргеликте Панфилов районунун электр энергиясын эсептегичсиз пайдалануу (тармактардагы электр энергиясын уурдоо) боюнча текшерүү жүргүзүлгөнү аныкталган. Маалым болгондой, электр энергиясын колдонуудагы мыйзам бузуу фактысын жашыруу үчүн РЭСтин жооптуу кызматкерлери жаран Н.Кдан 97 000 сом талап кылышкан.

Ошентип, бул факт КЖБРге  КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 1-бөлүгү беренесинде каралган пара талап кылуу фактысы боюнча катталган.

 



Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 2022-жылдын 7-мартында Панфилов районунун аймагында 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Панфилов РЭСинин ага инспектору К.Ж.К. кармалган.

Кармалган адам УКМКнын ИВС СИЗОсуна киргизилген.

УКМК басма сөз борбору
Сүрөт УКМКнын басма сөз борборунан алынды

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх