Бишкекте шахмат боюнча “Өмүр үчүн оюн” кайрымдуулук турнири өтөт
Салыктан түшкөн каражаттын баары рак менен ооруган балдарга жумшалат
«Help The Children-SKD» коомдук кайрымдуулук фонду Кыргызстандын Шахмат федерациясы менен биргеликте Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгынын колдоосу менен Сиздерди «Game for Life» шахмат ышкыбоздорунун рапид турнирине чакырат. 13-мартта өткөрүлөт.
Эл аралык рейтинги 2000 ЭЛО (стандарттык, рапид жана блиц) жогору эмес, 18 жаштан жогорку бардык кызыккан шахматчылар чакырылат жана катышууга уруксат берилет;
Төмөнкүлөр ышкыбоздор турнирине киргизилбейт:
- спорттун чебери жана андан жогорку наамы бар шахматчылар;
- 2017-2022-жылдары эркектер жана аялдар арасындагы Кыргыз Республикасынын чемпионаттарынын Биринчи Лигаларынын жеңүүчүлөрү;
- 2017-2022-жылдары эркектер жана аялдар арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаттарынын Жогорку Лигаларынын катышуучулары;
Турнирге каттоо 2022-жылдын 12-марты саат 17:00гө чейин
Сынакка бул жерден катталсаңыз болот: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLScdjcMTDQAAJ2w9I8dWTxkLx4_-h2YDAfmFgMlF7Gtyb3OaUA/viewform?vc=0&c=0&w=1&flr=0
Баасы: 500 жана андан жогору.
Турнир кайрымдуулук болуп саналат. Салыктан түшкөн каражаттын баары рак менен ооруган балдарга жумшалат. Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгынын колдоосу менен балдардын онкологиясына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өткөрүлүүдө. Жеңүүчүлөргө “Help The Children-SKD” кайрымдуулук фондунан медаль тапшырылат.
Турнир өтө турган жер: дареги: Бишкек ш., көч. Эмгек, 4; Шаардык маданият үйү;
Картада: https://go.2gis.com/u6lwx;
Бишкек шаарынын мэриясы