Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыктарынын саны 17 пайызга кыскарды

Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясы эки айда 140 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысын каттады

Кеңири профилактикалык рейддердин жүрүшүндө жана жол кыймылын көзөмөлдөөнү күчөтүү максатында ГУОБДД тарабынан үстүбүздөгү жылдын эки айында эле республика боюнча 140 миң 708 ар кандай жол эрежесин бузуу фактылары аныкталган. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

18 миң 305 айдоочу ылдамдыкты бузган, 472 адам документи жок унаа айдаган, 1 миң 638 жаран айдоочулук күбөлүгү жок болуп чыккан. Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн 54 миң 109 жолу айып салынган. 2285 айдоочу мас абалында токтотулган. 8 миң 950 унаа айып жайга жеткирилди.

«Көрүлгөн чаралардын натыйжасында республиканын жолдорундагы кырсыктардын санын турукташтырууга жана кыскартууга мүмкүн болду», - деп белгиледи ГУОБДД. «Ошентип, быйылкы жылдын эки айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жол кырсыктарынын саны 17,3%га, каза болгондор 15,5%га жана жаракат алгандар 14,1%га азайган.

Мекеме жарандардын эсине салат, бардык жол кыймылынын катышуучулары Жол кыймылынын эрежелерин билиши керек.

«Иш жүзүндө ар бир жол кырсыгы ооруга, азапка, кээде эң жаманы адамдын өлүмүнө алып келет. Эсиңде болсун, өзүнө ашыкча ишенүү, жол кыймылынын эрежелеринин элементардык талаптарын четке кагуу жана  кайдыгерлик кайтарылгыс кесепеттерге алып келет”, - деп жыйынтыктады МАИчилер.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх