Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан атышуу болду. КРнын чек арачылары күчөтүлгөн режимге өттү
Тажикстандын аскер кызматкерлери чек араны кайтаруунун жаңы чегине келип, Кыргызстандын чек арачыларын бул аймактан чыгып кетүүнү талап кылышкан
Бүгүн, 10-мартта мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу боюнча чыр чыкты.
Саат 10:50 чамасында Баткен облусунун Баткен районунун Тескей аймагындагы чек аранын такталбаган тилкесинде Тажикстандын УКМКсынын чек ара отряды нөөмөттө жүрүп, мурда колдонулган каттамды өзгөртүшкөн. Жаңы чек ара линиясына жетип, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын чек арачыларын бул тилкеден чыгып кетүүнү талап кылышкан.
Тажик чек арачылары турган жерге кошумча күчтөр келди. Тажикстандын чек арачылары өздөрүнүн сан жагынан артыкчылыктарын пайдаланып, жаңы чек арага чыгууга аракет кылышты.
Бирок кыргыз чек арачылары тажик аскерлеринин ниетин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк беришкен эмес. Натыйжада атышуу башталып, 10 мүнөттөй созулган. Кагылышуунун натыйжасында кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок.
Тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда дароо телефондук сүйлөшүү болуп, анын жыйынтыгында чек ара өкүлдөрү келгенге чейин окуя болгон жерден чек ара отряддарын чыгаруу жана башка кошумча күчтөрдү жана каражаттарды алып келүүгө жол бербөө боюнча чечимдер кабыл алынган.
Саат 11:45ке карата Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чек ара өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
КР УКМКнын чек ара кызматы Тескей аймагы мамлекеттик чек аранын такталбаган тилкеси болуп саналганын, бирок аны Кыргызстандын жарандары иш жүзүндө пайдаланып жатканын белгилейт.
Баткен облусунда жайгашкан чек ара бөлүктөрү кызматтын күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү.
КР УКМКнын ПК басма сөз кызматы
Сүрөт www