Исхак Масалиев Евробиримдикке кредиттик карызды сом менен кайтарууну сунуштады
Депутат белгилегендей, Кыргызстан эч ким менен согушпай, бирок санкциялардан улам экономикабыз кыйналып жатат, андыктан КР тышкы карызын реструктуризациялоо маселесин көтөрүшүбүз керек
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев сөз сүйлөп, кризисти чечүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду.
Ал арада депутат Исхак Масалиев Vesti.kg сайтына берген маегинде министрлер кабинети Евробиримдик менен тышкы карызды сом менен төлөө боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо керектигин айтты.
«Украинадагы аскердик операциядан улам батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды киргизди», - деди Исхак Абсаматович. — Кыргызстан эч ким менен согушкан жок, бирок бул санкциялардын айынан экономикабыз кыйналып жатат. Биз Евробиримдиктен насыя алдык, дүйнөдөгү саясий кырдаалдын татаалдашып кеткенине биздин күнөөбүз жок. Же пайыздарды түшүрүшсүн, же кыргыз сому менен төлөйбүз. Же тышкы карызыбызды азыркы курс менен бекитишибиз керек. Кыргызстандын муну талап кылууга укугу бар. Тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо керек.
Ислам Жолдошов
сүрөт www