Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЮНИСЕФ: Кыргызстандагы ар бир үчүнчү бала жакырчылыктын чегинде жашайт

Кыргыз Республикасында балалуу үй-бүлөлөрдүн үчтөн экиси пандемия учурунда кирешесин жоготкон

ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк банк Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери балдары бар үй-бүлөлөрдүн кеминде үчтөн экиси кирешесин жоготкондугу тууралуу отчет жарыялады.

 35 өлкөнүн маалыматтарынан алынган тыянактарды чыгарган COVID-19нын Балдары бар үй чарбаларынын жыргалчылыгына тийгизген таасири отчетунда үч же андан көп баласы бар үй-бүлөлөр кирешесин эң көп жоготууга дуушар болушк. Ушундай эле кырдаалда турган бир же эки баласы бар үй чарбаларынын үлүшү 68 пайызды түздү.

«Эң акыркы талдоо көрсөткөндөй, балдардын жарымынан көбү көп кырдуу жакырчылыктан жапа чегишет. Бул алардын тамактануу, саламаттыкты сактоо, билим берүү, суу менен камсыздоо жана санитария, зордук-зомбулуктан коргоо, жашоо шарттары сыяктуу тармактарда бир нече жолу жокчулуктарга туш болуп жатканын билдирет», - деди ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Кристин Жаулмес.

Документте ошондой эле кирешесин жоготкондуктан ар бир төртүнчү үй-бүлөдө чоңдор балалуу бир сутка же андан да көп тамак-ашсыз калышаары айтылат. Балдары бар үй-бүлөлөрдүн дээрлик жарымынан келген чоңдор акчанын жетишсиздигинен тамактанбай калышканын айтышкан. Балдары бар же балдары жок үй чарбаларындагы чоңдордун төрттөн бирине жакыны пандемия башталгандан кийин ишин токтоткондугун билдиришкен.

 “Акыркы жылдарда балдардын жакырчылыгын азайтуу боюнча жетишилген бир аз прогресс дүйнөнүн бардык аймактарында артка кайтарылышы мүмкүн. Үй-бүлөлөр таң калыштуу масштабда жоготууларга дуушар болушту. Инфляция былтыркы жылдардагы эң жогорку деңгээлге жеткени менен, балалуу үй-бүлөлөрдүн үчтөн экисинен ашыгы азыраак акча тапкан. Үй-бүлөлөр тамак-ашка же негизги саламаттыкты сактоого чамасы жетпейт. Алардын турак-жай алууга чамасы жок. Бул өтө оор кырдаал жана эң жакыр үй чарбалары жакырчылыкка ого бетер чөгүп баратат», - деди ЮНИСЕФтин программасынын директору Санджай Вижесекера.

Ушундай эле тенденция Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашайт: Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча балдардын жакырчылыгы 2020-жылы 31,8%ды түзсө, COVID-19 пандемиясына чейин бул көрсөткүч 25,7% деңгээлинде болгон.

Докладда балдар негизги керектөөлөрдөн ажырап жатканы баса белгиленет: үй чарбаларынын 40%да мектептер жабылып турганда алар эч кандай билим берүү иш-чараларына катышкан эмес. Маалыматтар үй чарбаларынын деңгээлинде чогултулганын эске алганда, жеке деңгээлдеги катышуунун иш жүзүндөгү коэффиценти, өзгөчө, үч же андан көп баласы бар үй чарбалары үчүн андан да төмөн болушу мүмкүн.

Кыргызстанда пандемия 2020-2021-жылдары балдарга түздөн-түз таасирин тийгизип, аларды дистанттык окутууга өтүүгө мажбурлап, балдар арасындагы санариптик ажырымды кеңейтти. 2020-жылы эмдөө алган балдар да аз болду.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх