Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абаддагы Капиталдык курулуш башкармасынын кызматкерлери мамлекетке 7 миллион сомдон ашык зыян келтиришти

Аларга “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун прокуратурасы тарабынан облустун капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген факты аныкталды. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Кербен шаарынын Мамай жана Устукан айылдарына суу түтүктөрүн (ичүүчү суу) курууда Жалал-Абад облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып мамлекетке 7 357 872 сомго зыян келтирген.

Бул факты боюнча Аксы райондук прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх