Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түп районунда 20 миллион сомдон ашык айыл чарба жерлери мамлекетке кайтарылды

Райондук мамлекеттик администрациясынын чечими менен 4 чарбага жалпы аянты 61,4 гектар айдоо жер мыйзамсыз бөлүнүп берилгени аныкталган

Ысык-Көл облусунун Түп районунун прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз басып алынган жана жеке менчикке өтүп кеткен айыл чарба жерлерин кайтарып алуу боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Текшерүүнүн жүрүшүндө облустук мамлекеттик администрациясынын чечими менен 4 чарбага жалпы аянты 61,4 га айдоо жер мыйзамсыз бөлүнүп берилгени аныкталган.

Көрсөтүлгөн жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыздар берилип, кароонун жыйынтыгы менен алар толугу менен канааттандырылган.

Натыйжада 20 млн 575 миң сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх