БААУ жана Эл аралык Ала-Тоо университети депутаттардын контракттарды сомго которуу сунушуна комментарий бере элек
Парламентарийлер жеке университеттердин контракттарын улуттук валютага өткөрүүнү каалап жатышат
Парламенттин жакында өткөн жыйынында депутаттар жеке менчик билим берүү мекемелеринде окуу келишимин сомго которуу сунушун айтышты. Алардын арасында БААУ жана Эл аралык Ала-Тоо университети бар.
Vesti.kgнин редакциясы комментарий алуу үчүн жогорудагы университеттерге кайрылды. Бирок, эки университет тең жооп берүүгө шашылбайт.
Алгач кабарчы БААУнун басма сөз кызматына кайрылды – алар бул маселени университеттин жетекчилигинен тактоо үчүн убакыт сурашты. Кийинчерээк басма сөз кызматы БААУ бул боюнча эч кандай комментарий берүүдөн карманып турганын билдирди.
Андан кийин редакция Эл аралык «Ала-Тоо» университетине кайрылды. Журналист маркетинг бөлүмүнө жөнөтүлүп, алар суроолорду жетекчиликке берүүнү убада кылышкан. Кийинчерээк алар суроолор берет экен, жетекчилик кийинчерээк жооп берерин айтышты.
Ислам Жолдошов
сүрөт www