Мектепте дайыма тартип болушу керек. Тазабек Икрамов окуучуларга сабакта телефон колдонууга тыюу салууну сунуштады
Эл өкүлү ошондой эле ар бир класска смартфондор үчүн шкафтарды коюуну сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов мектеп окуучуларына сабак учурунда телефон колдонууга тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында билдирди.
Бул сунуш министрлер кабинетинин кароосуна киргизилет.
«Сабак учурунда телефон колдонууга тыюу салууну сунуштайм», - деди Икрамов. «Натыйжада балдардын бири-бири менен баарлашуусу, достошуусу токтоп калганын көрүп жатабыз. Телефон мектеп окуучуларына дагы көптөгөн зыяндарды алып келет. Интернетте окуучулардын мугалимдерге жаман көз карашын көрсөткөн видеолор барган сайын көбөйө баштады. Мектепте дайыма тартип болушу керек.
Парламентарий ошондой эле ар бир класска телефондор үчүн шкафтарды же камераларды коюуну сунуштады.
- Ар бир класска шкафтар коюлса, телефондор уурдалбайт, - деп кошумчалады депутат.
Канышай Балкыбекова
сүрөт www