Эл аралык Ала-Тоо университети контракт боюнча төлөмдү Улуттук банктын курсу боюнча сом менен кабыл алат
Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси боюнча окуу жайдын өкүлдөрү түшүндүрмө беришти
“Ала-Тоо” эл аралык университетинен Vesti.kg сайтына билдиришкендей, учурда студенттер контракттарды КР Улуттук банкынын белгиленген курсу боюнча улуттук валютада төлөшөт.
-“МУА” жетекчилиги бул маселе боюнча “Сапат” меморандумунун негиздөөчүлөрү менен талкуу жүргүзүп, анда контрактты төлөөнүн ар кандай варианттары каралып жатат, - дешти окуу жайдын өкүлдөрү. — Учурда контракт боюнча төлөмдү КР Улуттук банкынын белгиленген курсу боюнча сом менен кабыл алып жатабыз.
Эске сала кетсек, буга чейин Vesti.kg сайтынын редакциясы БААУ менен Ала-Тоо эл аралык университетине жеке менчик ЖОЖдордо контракттарды төлөөнү улуттук валютага которуу боюнча депутаттардын сунушуна комментарий берүү өтүнүчү менен кайрылган.
“МУАнын” өкүлдөрү бир күндүн ичинде редакцияга жооп берүүнү убадалашты.
Ислам Жолдошов
сүрөт www