Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

СССРдегидей. Депутат Кылмыш-жаза кодексине алып сатарлык үчүн жазаны кошууну сунуштады

Нуржигит Кадырбеков мындай тажрыйба совет доорунда кеңири колдонулганын эске салды

Жогорку Кеңештеги «Ыйман нуру» фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков товарларынын баасын негизсиз көтөргөн ишкерлерге кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

«Совет доорунда спекуляция үчүн кылмыш беренеси бар болчу», - деп эскерет ал. Аны кайра алып келүүгө убакыт келди окшойт. Азыр экономикалык каатчылык келе жаткандыктан, айрым ишкерлер эч себепсиз эле товарлардын баасын көтөрүп жатышат. Алар жөн гана арзан сатып алып, кымбат саткысы келет. Муну жазалаш керек.

Кадырбеков министрлер кабинети бул маселени тез арада карашы керектигин кошумчалады.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх