Башкы прокуратура Соода-өнөр жай палатасынын вице-президентин кармады
Тергөөнүн версиясы боюнча, кеп мамлекетке жалпысынан 117 миллион сом зыян келтирилгени тууралуу болууда
Башкы прокуратура тарабынан Д.Н.Э жана Ш.К.А. аттуу жарандардын алдамчылык фактылары боюнча козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Тергөөнүн жүрүшүндө 2009-жылы Д.Н.Э. жана Ш.К.А. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен келишимдердин негизинде кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюп, жалпысынан 117 млн сомго ири өлчөмдөгү ун сатып алышкан.
Бирок бул адамдар келишим түзүлгөн күндөн тартып 12 жылдын ичинде сот алдында негизсиз билдирүүлөрдү жасалма демилгелеп, өз милдеттерин аткаруудан атайылап качышкан. Ошентип мамлекетке жалпысынан 117 миллион сом зыян келтирилген.
Мындан тышкары, аталган адамдар алдамчылык жана ишениминен кыянаттык менен пайдалануу жолу менен жаран С.А. аттуу жаранга күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлкүн сатып, муну менен ага 15 млн 705 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирген.
Башкы прокуратура тарабынан Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Ш.К.А. жана Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Д.Н.Э. эл аралык издөөгө алынган.
Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www