Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кайсы борборлор Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен ишин токтотуп, азыр бөлүм катары иштеп жатышат

Бул медициналык кызматтын сапатына эч кандай таасир этпейт, анткени бардык мекемелер тиешелүү бөлүмдөргө айландырылып, кадимки режимде иштеп жатышат

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, Улуттук онкология жана гематология борборунун Маммология борбору, Чүй облустук бириккен ооруканасынын алдындагы Реконструкциялык хирургия борбору жана Улуттук госпиталдын алдындагы Урология илимий борбору өз ишин токтотту. 

Мындай чечим жогорку уюмдардын алкагында борборлорду уюштуруу максатка ылайыксыз болгондуктан кабыл алынганын белгилейбиз. Бул борборлордун ишинин токтотулушу медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына таасирин тийгизбейт, анткени алардын бардыгы тиешелүү бөлүмдөргө өзгөртүлүп, кадимки режимде иштеп жатышат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх