Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ноокен районунда 83 турак жайдын курулушу жанданды (фото)

Социалдык шаарчанын курулушу 2020-жылы пандемияга байланыштуу токтотулган

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кызыл-Туу айылында 83 үйдүн курулушу жанданды. Алар 2019-жылы кайра курула баштаган, бирок пандемиядан улам токтотулган. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.


 
Учурда “Ас-Салам” кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен 11 үйдүн пайдубалы түптөлдү. Социалдык шаарчанын курулуш иштеринин ачылышына өлкө башчынын Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.


 
Облус жетекчиси 100дөн ашык аз камсыз болгон үй-бүлөлөр турак-жай менен камсыз болоорун билдирди. Мындан тышкары, бул ири долбоор турак-жайга муктаждардын санын азайтарын кошумчалады.


 
83 турак жайдын курулушунан тышкары бала бакча, мектеп, мечит, тигүү цехи да курулат. Бул максаттар үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан 9 гектар жер бөлүнгөн.
 
Бул тууралуу Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх