Руслан Казакбаев Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенкону анын өтүнүчү боюнча кабыл алды
Жолугушууда ТИМ Кыргызстан мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү принцибин бекем жактоочу экенин белгиледи
Бир күн мурун, 16-мартта Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Украинанын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Валерий Жовтенкону анын өтүнүчү боюнча кабыл алды.
Жолугушууда кыргыз-украин мамилелеринин маселелери жана Украинадагы азыркы кырдаал талкууланды.
Казакбаев, атап айтканда, дүйнөлүк коомчулук абройлуу эл аралык уюмдардын, атап айтканда БУУнун Коопсуздук кеңешинин платформаларында Европанын согуштан кийинки тарыхында болуп көрбөгөндөй кризистин алдын ала албаганын, ага байланыштуу бүгүнкү күндө катастрофанын дүйнө босогосунда турганын белгиледи. . Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча Кыргызстандын позициясы министр тарабынан дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген кесиптештери менен болгон бардык жолугушууларында ачык айтылганы өзгөчө белгиленди.
Кыргыз Республикасы ар кандай чыр-чатакты сүйлөшүү үстөлүндө саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүгө тийиш экендиги жана бардык кызыкдар тараптар кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде жаңы форматтарды жана механизмдерди түзүү жолу менен издөөгө тийиш экендиги баса белгиленди. Бар болгондор езунун эффективдуулугун жоготту.
Кыргызстан БУУнун Уставында жана башка документтерде белгиленген эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларын жана принциптерин сактоону, анын ичинде мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн бекем жактоочусу экендиги белгиленди. Ошону менен бирге коопсуздуктун бөлүнбөстүгү принцибин сактоонун маанилүүлүгү баса белгиленди.
Министр Казакбаев Россия менен Украинанын өкүлдөрүнүн ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдү, куралдуу кагылыштарды токтотууга жана тынчтыкка жетишүүгө багытталган бардык мамлекеттердин ар кандай ортомчулук аракеттерин жана демилгелерин кубаттады, ошондой эле кыргыз тараптын аянтча түзүүгө жана зарыл болгон учурда жардам көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады.
Узак мөөнөттүү экономикалык төмөндөөгө алып келиши мүмкүн болгон санкциялардын бүткүл дүйнөгө, өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө таасир эте турганына тынчсыздануу да айтылды.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы азыркы жаңжалга жаңы өлкөлөрдүн тартылып жатышына тынчсыздануусун билдирди, бул чыр-чатактын курчушуна жана жаңы жарандардын курмандыктарына жана кыйроолоруна алып келиши мүмкүн.
Мындан тышкары Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн жарандарын Украинадан коопсуз эвакуациялоо, бул максаттар үчүн тиешелүү коридорлорду түзүү, ошондой эле гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Соңунда министр бүткүл адамзат үчүн тагдырлуу учурда Кыргызстан бардыгын жалпы дүйнө үчүн биригүүгө чакыраарын баса белгиледи. Азыр бири-бирибизди угуу болуп көрбөгөндөй маанилүү экени өзгөчө баса белгиленет.
КРнын ТИМ маалымат департаменти
Сүрөт www