Western Union 24-марттан тарта Орусия менен Беларуста ишин токтотот
Улуттук банк «Вестерн Юнион ДП Восток» ЖЧКсынын аймактык тескөөчүсүнөн билдирүү түшкөнүн жарыялады
24-марттан баштап Western Union Орусия менен Беларуста ишин токтотот. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Улуттук банкка «Western Union ДП Восток» ЖЧКсы Россия жана Беларусияда Western Union банк эсебин ачпастан акча которуулар токтотулгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Western Union ДП Восток ЖЧКсынын катына ылайык, 24-мартка чейин Россиядан жана Белоруссиядан Western Union системасы аркылуу жөнөтүлгөн бардык трансчек аралык которуулар алуучуларга төлөнөт.
Ошол эле учурда Кыргызстандан башка өлкөлөргө (Россия менен Беларусияны кошпогондо) жана Кыргыз Республикасына бардык мамлекеттерден (Орусия менен Белоруссиядан башка) бардык которуулар кадимки тартипте жүргүзүлө берет.
КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматы
Сүрөт www