Тоң районунда прокуратура бала бакчанын имаратын мамлекетке кайтарды
Жеке менчикке мыйзамсыз өткөн мамлекеттик социалдык объектилерди кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатат
Прокуратура мамлекеттик социалдык объектилерди жана жеке менчикке мыйзамсыз өткөн жер тилкелерин кайтарып алуу иштерин улантууда. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Алсак, текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун Тоң районунун прокуратурасы тарабынан 2010-жылы Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн токтому менен бала бакчанын имараты коомдук бирикмелердин бирине ага чектеш аймагы менен мыйзамсыз өткөрүлүп берилгени аныкталган.
Социалдык объектти мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыз берилип, ал толугу менен канааттандырылган.
Прокурордук чара көрүү актынын негизинде бала бакчанын жанаша жайгашкан 20 миллион 46 миң сомдук имараты мамлекетке кайтарылган.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www