Кыргызстандык жүк ташуучулар орус чек арачылары КРдан келген жүктөрдү өткөрбөй жатканына нааразы (видео)
Ошол эле учурда Тажикстан менен Өзбекстандан келген жүк ташуучу унаалар ээн-эркин өтөт
Кыргызстандык жүк ташуучулар Орусия менен чек арадан өтө албай жатканына нааразы. Өткөрүү пункттарында айдоочулар эч кандай түшүндүрмөсүз эле бардык жүктөрдү унаалардан толугу менен түшүрүүгө аргасыз болушат. Видеону Vesti.kg сайтына окурмандар жөнөтүшкөн.
«Биздин айдоочулар чек арада бир нече күндөн бери турушат. Орус чек арачылары жөн эле биздин унааларды өткөрбөй жатышат. Айдоочулар арасында бул Орусия тараптын Кыргызстандан тыюу салынган жүктөрдү ташып кетүүсүнөн кооптонуп жатканы менен байланыштуу деген кептер бар. Эмне үчүн биздин бийлик Орусиянын мындай аракеттерине эч кандай реакция кылбайт? Тажикстан менен Өзбекстандын унаалары ээн-эркин өтүп жатат”, - деп нааразы болгон видеонун автору.
Эске салсак, буга чейин Экономика жана соода министрлиги жүк ташууда эч кандай көйгөй жок экенин билдирген.
Сүрөт www