Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атыр Абдрахматова: Акыйкатчынын орун басары Атамбаевдин камерасында болуп кайтты

Феликс Кулов экс-президентке шылдың жана адамдык ар-намыска шек келтирүүнүн бир түрү экенин ырастады

Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов кесиптештери менен экс-президент Алмазбек Атамбаев жаткан камераларды кыдырды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына республиканын башкы укук коргоочусу Атыр Абдрахматова билдирди.

Анын айтымында, бир күн мурун ал шаардык кеңештин аппаратында Атамбаевдин тарапкерлери менен жолугушуу өткөргөн.

«Бүгүн Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов эртең менен №47 ИКке кетти», - деп түшүндүрдү Абдрахматова. -Кечээ сот процессине чейин болгон окуяга мониторинг жүргүздүк. Ошондой эле, кечээ мен Атамбаевдин тарапкерлери менен жолугушуу өткөрдүм. Чын ыкластуу баарлашуу болду, бардыгы өз укуктарын коргоого болгон мамилени  өзгөртүү зарылчылыгы боюнча бир пикирге келишти. Иш жүрүп жатат.

Ал арада КР экс-премьер-министри Феликс Кулов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына Атамбаевди күч менен сот процессине бир футболка менен алып келүүнү шылдың жана адамдык ар-намыска шек келтирүүнүн бир түрү экенин жазды.

«Болуп өткөн окуя бир гана жарандын конституциялык жана процессуалдык укуктарын одоно бузуу эмес, бул шылдыңдын бир түрү, адамдык ар-намысты басмырлоо, анын ичинде мурдагы жетекчиге карата элементардык урмат-сый жок экенин айтпаганда да.  - деп жазган Кулов.

Өз кезегинде Атамбаевдин жактоочусу, саясатчы Темирлан Султанбеков Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилиги экс-президентти инфарктка алып келүүгө аракет кылганы үчүн жоопко тартылышы керек деп эсептейт.

Эске салсак, бир күн мурун Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум болгон. Алмазбек Атамбаев ден соолугу жакшы эмес деген дарыгердин корутундусуна карабай соттун имаратына күч менен жеткирилгенин экс-президенттин басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева билдирди.

Маалым болгондой, Атамбаевди бир футболка менен алып келишкен. Натыйжада ал ооруп, сотто тез жардам чакыруу чечимине келишкен.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх